СИЗ O!FM МЕНЕН

Мыкты музыкадан ырахат алуу

Жаңылыктарды онлайн угуу

Тилдерди билүүнү жакшыртуу

O!FM – БУЛ

Дүйнөлүк жүздөгөн радиостанциялар

„Тандалмаларда“ сүйүктүү радиостанциялар

Жанрлар, өлкөлөр боюнча ыңгайлуу издөө

Үндүн мыкты сапаты менен плеер

О!FM ДИН БАРДЫК МЫКТЫ КЫЗМАТТАРЫН БАЙКАП КӨР

3 кун акысыз. Андан кийин күнүнө болгону 3 сом, НДС менен.
Интернет-трафик – колдонуунун бардык убактысы үчүн 0 сом.

Кошуу

  1. Телефондон *7011# териңиз же кызматты тиркемеде активдештириңиз

Кошуу

Телефондон *7011# териңиз же кызматты тиркемеде активдештириңиз

О!FM АКЫСЫЗ ЖУКТӨП АЛЫҢЫЗ

Ушул Макулдашуу «НУР Телеком» ЖЧК нын (мындан ары – Оператор) кыймылдуу байланышынын тармагында берилүүчү «О!FM» Сервисинин (мындан ары текст боюнча — «Сервис») жана Сервисти пайдалануучу «НУР Телеком» ЖЧКсынын Абонентинин (мындан ары текст боюнча – «Пайдалануучу») ортосундагы мамилени жөнгө салат.
Бул Макулдашуу «НУР Телеком» ЖЧКсынын кыймылдуу байланыш тармагынын Абоненттерине даректелген оферта болуп саналат. Пайдалануучуну Сервисте каттоо же Сервисти бардык багытта пайдалануу ушул Макулдашуунун акцептиси болуп саналат, ал Оператордун Абоненти ушул Макулдашууга кандайдыр-бир алып коюусуз же чектөөсүз толугу менен шарт коюусуз кошуларын туюнтуп, ушул Макулдашууда баяндалган бардык шарттар, жоболор менен таанышкандыгын жана аларга макул экендигин, ошондой эле ага жүктөлгөн бардык укуктар, милдеттер жана чектөөлөргө макулдугун бышыктайт.
1. Макулдашуунун предмети
1.1. Сервистин алкагында Оператордун Абонентине Интернет- радио станциялардын программаларына (мындан ары – Контент) аларды интерактивдүү режимде өз тандоосу менен ушул Жобонун шарттарына ылайык коммерциялык эмес максатта жеке угуу мүмкүнчүлүгү менен
авторлоштурулуп кирүү укугу сунушталат
1.2. Сервис Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында сыйышуучу Персоналдык түзүлмөнү (смартфонду, планшетти) Интернет тармагы менен кошуу шартында Оператордун Абоненттеринин бардык prepaid дари жана postpaid дари (ТП „Интернет+“, +“, „Интернет+ корпоративдик кардарлар үчүн», „Алга Интернет + O!TV“, „Интернет үй үчүн“, „Интернет 40 ГБ“ жана жабык закрытых ТП лардан башка) үчүн жеткиликтүү
1.3. Ушул Макулдашуу Пайдалануучунун макулдугусуз жана ага кабарланбай туруп өзгөртүлүшү мүмкүн. Ушул Макулдашуунун бардык өзгөртүүлөрү элге жеткиликтү каражатта __________________ дареги боюнча жарыяланат. Анын өзгөртүлүшү менен өз учурунда таанышып туруу максатында Пайдалануучу айына бирден кем эмес жолу ушул Макулдашуунун мазмуну менен таанышып турууга милдеттенме алат.
2. Пайдалануучуну Сервисте каттоо
2.1. Сервиске авторлоштурулуп кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу максатында Абонент алган SMS – билдирүүнүн жардамы менен паролду киргизүү аркылуу Персоналдык түзүлмөсүн каттатуу процедурасын жүзөгө ашырышы керек.
2.2. Абоненттин персоналдык түзүлмөсүн каттоо кыймылдуу радио-телефондук байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндөгү келишимди түзүүдө ага берилген Абоненттик номер боюнча жүргүзүлөт, аны пайдалануу менен Оператордун кыймылдуу радио-телефондук байланышынын тармагына кошулган Персоналдык түзүлмө жеӊил аныкталат.
2.3. SMS-билдирүү паролу менен сервистин мобилдик тиркемесинин диалогдук терезечесинде Абонент тарабынан көрсөтүлгөн Абоненттин номерине (мындан ары – кардардык ПК) жөнөтүлөт.
2.4. Алынган пароль Абонент тарабынан Кардардык ПКнын ылайык келген диалогдук терезечесинде паролду киргизүү менен Персоналдык түзүлмөнү каттоо үчүн колдонулат.
2.5. Сервисте Каттоо процедурасын жүргүзүүнүн натыйжасында Абонентке Сервиске жазылуу активдешет жана Сервисти пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет.
2.6. Пайдалануучу Сервиске Жазылууну жигердештире алат:
– USSD Персоналдык түзүлмөдөн *7011# номерине суроо-талап жөнөтүү менен;
– же Кардардык ПКда «Кызматтарды башкаруу» бөлүмүнө өтүү менен.
2.7. Пайдалануучу Сервиске Жазылганын өз алдынча өчүрө алат:
– Кардардык ПКда «Кызматтарды башкаруу» бөлүмүнө өтүү менен;
– USSD ге *7011*0# буйрук жөнөтүү менен.
3. Тарифтер
3.1. Оператордун Абоненттери үчүн Сервиске кирүү тарифтери Оператор тарабынан аныкталат.
3.2. Контентти угуу Пайдалануучунун жигердүү жазылуусунун алкагында акысыз жүзөгө ашырылат.
3.3. Контентти угууда Интернет-трафиктин наркы Оператордун тармагында нөлдүк болуп саналат.
3.4. Жазылуу боюнча Сервисти пайдаланууга абоненттик акы КНСти кошкондо 3 сомду түзөт.
3.5. Абонент жазылууну биринчи жолу активдештиргенден баштап 72 саат ичинде Сервис акысыз берилет. Андан кийин сервисти пайдалангандыгы үчүн 3.4. пунктта көрсөтүлгөн абоненттик төлөм алынат.
4. Контентти колдонуу
4.1. Контентти угуп чыгуу үчүн Колдонуучу Сервистин каталогунан Контентти тандап, ал аркылуу угуп чыгуунун башталышын демилгелейт. Контентти угуп чыгууда Колдонуучунун Персоналдык түзүлүшүндө Контент бириминин санарип көчүрмөсү түзүлбөйт.
4.2.Контент ачыла турган Персоналдык түзүлүштөргө карата талаптар Кардарлардын ПКда берилген. Колдонуучу Контентти көрүп чыгуудан мурун мобилдик түзүлүшүнүн Контентти алууга ылайыктуу экенин өз алдынча текшерип чыгууга тийиш.
5. Келишимди кабыл алуу менен, колдонуучу:
5.1. Сервис жашы жеткен Колдонуучуларга гана багытталган материалдарды камтышы мүмкүн экенин түшүнөт.
5.2. Сервисти Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык пайдаланууга милдеттенме алат.
5.3. Пайдалануучу себебин түшүндүрбөстөн, Сервисте көрсөтүлгөн нускамага таянып, каалаган убагында Сервисти пайдаланууну токтотуп коё алат.
5.4. Пайдалануучу Каттоодон өтүп жатканда Сервис иштеп жаткан мөөнөткө Сервистин иштишинин алкагында жана максатында, ошондой эле Сервис тууралуу жарнамалык-маалыматтык мүнөздөгү маалыматты жана «O!FM» Сервиси менен байланышпаган дагы башка сервистерди, анын ичинде SMS, электрондук почта, телефон жана байланыштын башка каражаттары аркылуу алууга Сервисте көрсөтүлгөн анкеталык-маалыматтарды сактоого, иштетүүгө, пайдаланууга жана жайылтууга Пайдалануучу макулдугун берет.
6. Жоопкерчиликти чектөө
6.1. Эгер ал Сервистин көзөмөлүнөн сырткары болгон Пайдалануучунун аракеттеринин, ошондой эле (аны менен бирге, бирок чектелбестен) Пайдалануучунун Персоналдык түзүлмөсүнүн мүнөздөмөсүнүн, жеткиликсиз жерде болгондугунун жана Пайдалануучунун катасынын негизинде пайда болсо, Оператор өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтүү болбойт
6.2. Макулдашуунун шарттарын Оператор аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилиги, бардык учурда, Пайдалануучуга келтирилген реалдуу заян менен чектелет.
7. Корутунду жобо
7.1.Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт.
7.2. Бул Макулдашуу , аны менен бирге, бул Макулдашууга бардык жарыяланган өзгөртүүлөр дагы, Пайдалануучу аны акцептеген мөөнөттөн баштап күчүнө кирет жана Пайдалануучу Контентти пайдаланган бардык мөөнөттө иштеп турат.
7.3. Бардык суроолору жана дооматтары менен Пайдалануучулар Оператордун Колдоо кызматына кайралы алат. Доомат менен кайрылууда Пайдалануучу доонун негиздүүлүгүн тастыктоочу документтерди сунуштоосу керек.